Кыргызстандагы Америкалык Кеңештер жөнүндө
Кыргызстандагы Америкалык Кеңештер жөнүндө
Америкалык Кеңештер Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери иштейт. Биздин офис Кыргызстандын борборунда Бишкек шаарынында жайгашкан.
Кыргыз Республикасындагы акыркы 20 жылдык ишибизде биз көптөгөн программаларды ишке ашырдык, анын ичинде: «Келечектеги лидерлер» алмашуу программасы (FLEX), Америкалык Борбордук Азия Билим Берүү Фондунун стипендиялык программасы (U.S.-CAEF), «АКШда билим алуу» программасы (EducationUSA), “Америка” жайкы лагери, ФЛЕКС программасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Министрликтерде жана башка мамлекеттик уюмдарда стажировка өтүү, Алмашуу Программалардын Бүтүрүүчүлөрүн катышуусу, Лехай программасы боюнча жайкы стажировка (Lehigh Summer Internship), Критикалык тилди үйрөнүү стипендиялык программасы: орус тили (Critical Language Scholarship) жана ар кандай маданий, билим берүү жана кесиптик алмашуу программалары.
Учурдагы биздин программалар адамдарга билим алууга, маданият менен алмашууга жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Америкалык Кеңештер жөнүндө
Дүйнөнүн эң ийгиликтүү институттары жана бир көз караштагы мамлекеттер Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер менен маданий алмашуу, тил үйрөтүү жана кесиптик чыңдоо аркылуу иштешет.
1974-жылдан бери биздин билим портфолиобузга улуттук коопсуздук, гүлдөп-өнүгүү жана тынчтык үчүн маанилүү 184 мамлекет кошулду. Биздин программалар алардын сапатын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн кылдат изилдөөлөрдүн жардамы менен жүргүзүлөт. Биздин катышуучулар орто мектептен кийинки постдокторалдык жана кесиптик деңгээлдеги окуучулардын чөйрөсүн чагылдырышат.
Бүгүнкү күнгө чейин биз 120000 ден ашуун бүтүрүүчүлөрдүн коомчулугун түздүк, алардын ичинде улуттук лидерлер, министрлер, парламент мүчөлөрү, элчилер жана компаниялардын жетекчилери бар.
Миссия
Америкалык Кеңештер билим берүү, экономикалык өсүш жана дипломатия тармактарында адамдарды талаптуу окууга тартуу жана америкалыктар менен дүйнө жүзүндөгү адамдардын ортосунда стратегиялык тармактарды түзүү аркылуу жалпы тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү илгерилетүү үчүн инновацияларды киргизет.
Көрүү
Билим берүү Америка Кошмо Штаттары менен башка мамлекеттердин ортосунда өзгөрүүлөргө алып келген жаңы жолдорду ачып, адамдарга жана мекемелерге ыңгайлашууга, лидерлик кылууга жана гүлдөп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берген дүйнө.
Байланыш маалыматы:
Кыргызстандагы Америкалык Кеңештер
187 Сыдыков көчөсү, Бишкек шаары
Т: +996 312 910 989
Ф: +996 312 910 987