1974-жылдан бери билим берүү, экономикалык өсүш жана дипломатия тармактарында инновацияларды өнүктүрүп келебиз.
Кыргыз Республикасындагы Америкалык Кеңештер
Америкалык Кеңештер Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери иштейт. Биздин офис өлкөбүздүн борборунда Бишкек шаарында жайгашкан. Акыркы 20 жыл аралыгында биз маданий алмашуу, билим берүү жана кесиптик өнүгүү боюнча көптөгөн программаларды ишке ашырдык. Учурдагы биздин программалар адамдарга билим алууга, маданият менен бөлүшүүгө жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.