STEM Youth Innovation Project

STEM тармагындагы жаштардын инновациялык долбоору 

Америкалык Кеңештер эл аралык билим берүү уюму АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен STEM Youth Innovation Project долбоорунун башталганын кубануу менен жарыялайт. Бул — супер интеллект (жасалма интеллект), STEM жана инновациялар багытындагы акысыз 8 жумалык билим берүү программасы. 

Программа катышуучуларга америкалык жана эл аралык эксперттерден билим алууга, супер интеллекттин заманбап куралдарын өздөштүрүүгө, менторлор менен иштөөгө жана реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган командалык долбоорлорду иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. 

Мыкты командалар өз долбоорлорун 2027-жылдын февраль айында Бишкек шаарында өтө турган Улуттук SI Hackathon (Super Intelligence Hackathon) иш-чарасында тааныштырышат. 

АКШ технологиялар, супер интеллект жана STEM-инновациялар тармагында дүйнөлүк лидер болуп саналат. Америкалык жана эл аралык эксперттердин билими жана тажрыйбасы катышуучуларга өз билимдерин кеңейтүүгө, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана бул тармактардагы келечектеги мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга жардам берет. 

Кимдер катыша алат? 

  • Мектептердин 9–12-класстарынын окуучулары жана колледждердин 1–2-курстарынын студенттери. 

  • Бишкек шаарынан, Чүй жана Нарын облустарынан келген окуучулар жана студенттер. 

  • Супер интеллектке (жасалма интеллектке), STEM жана заманбап технологияларга кызыккан жаштар. 

Ошондой эле 12-класстын окуучулары жана колледждердин 1–2-курстарынын студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жаш курагы - 15тен 18 жашка чейин (18 жашты кошкондо). 

Катышуучуларды эмне күтөт? 

  • 8 жумалык интерактивдүү окуу жана практикалык сабактар. 

  • Америкалык жана эл аралык эксперттер өткөргөн вебинарлар. 

  • Супер интеллекттин (жасалма интеллекттин) куралдарын практика жүзүндө өздөштүрүү. 

  • Менторлор менен иштөө жана командалык долбоорлорду иштеп чыгуу. 

  • Бишкек шаарындагы Улуттук SI Hackathon иш-чарасына катышуу мүмкүнчүлүгү. 

Программанын тили 

Программа орус тилинде өткөрүлөт. 

Катышуу акысы 

Программага катышуу толугу менен акысыз. 

Кантип арыз берсе болот? 

Арызды жеке же 3–5 адамдан турган команда менен берүүгө болот. Эгер азырынча командаңыз жок болсо, уюштуруучулар команда түзүүгө жардам беришет. 

Жеке арыз 

https://forms.gle/jgFJ2jRKy5BhYaEL9 

Командалык арыз 

https://forms.gle/utUsw6MFX9ib2xpT9 

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 

2026-жылдын 31-октябры, саат 23:59 (Бишкек убактысы боюнча). 

Кошумча маалымат 

Программанын компоненттери, графиги, катышуучуларга коюлган талаптар жана тандоо процесси тууралуу толук маалыматты маалыматтык документтен таба аласыз. 

Байланыш 

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү электрондук дарекке кайрылыңыз: stem.youthproject@gmail.com 

 

Программа боюнча байланыш маалыматтары

Уранбек Турдумбаев
Директор
uturdumbaev@americancouncils.org

Жибек Кубатова
Программанын координатору
zkubatova@americancouncils.org