FLEX Global

FLEX Global программасы Future Leaders Exchange (FLEX) жана Kennedy-Lugar Youth Exchange and Study (YES) программаларынын салттарын улантып, дүйнө жүзүндөгү жаштар үчүн катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. FLEX Global ишкерликке, технологияларга, жасалма интеллектке (AI) жана лидерликке өзгөчө көңүл буруу менен АКШнын маданиятын жана баалуулуктарын түшүнгөн жаш лидерлердин глобалдык коомун түзүүнү максат кылат.

FLEX Global - бул катышуучулардын жеке жетишкендиктеринин негизинде тандоо жүргүзүлгөн, атаандаштык жогору болгон алмашуу программасы. Программа АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият маселелери боюнча бюросу (ECA) тарабынан каржыланат жана башкарылат жана Кыргыз Республикасында Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер тарабынан ишке ашырылат. Программа катышуучуларга АКШда бир окуу жылын өткөрүүгө, кабыл алуучу үй-бүлөдө жашоого, америкалык орто мектепте билим алууга, коомдук иш-чараларга катышууга, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнеске, технологияларга жана ишкердикке багытталган American Excellence кошумча иш-чараларына катышууга мүмкүнчүлүк берет. Өз өлкөлөрүнө кайтып келгенден кийин, бул жаш лидерлер алган билимдерин жана жаңы көндүмдөрүн жергиликтүү коомчулуктарынын өнүгүүсүнө пайдаланууга жана Америка Кошмо Штаттарынын узак мөөнөттүү өнөктөштөрү болууга мүмкүнчүлүк алышат.

FLEX Global 2027-2028

FLEX Global 2027–2028 программасына анкеталарды кабыл алуу аяктады.

Экинчи турдун жыйынтыктары ноябрдын аягында же декабрь айында белгилүү болот.

Үчүнчү турга өткөн талапкерлерге FLEX Global программасынын кызматкерлери телефон аркылуу кошумча маалымат беришет.

Жаңылыктарды биздин Instagram баракчабыздан көзөмөлдөй аласыз: @flexglobalkyrgyzstan

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү дарекке жазыңыз: flexglobal.kg@americancouncils.org

3-ТУР: Бетме-бет тандоо

Үчүнчү тур бетме-бет форматта өткөрүлөт.

3-турга өткөн талапкерлер менен FLEX Global программасынын кызматкерлери телефон аркылуу байланышып, кошумча маалымат беришет.

3-турда талапкерлер:

  • Анкетаны толтурушат;

  • Үч эссе суроосуна жооп беришет;

  • Англис тили боюнча тест тапшырышат;

  • Маектешүүгө жана топтук иш-чарага катышышат.

ВИДЕО НУСКАМАЛАР

Катталуу боюнча нускама https://ais.americancouncils.org/flexglobal сайтында

Биринчи турдун анкетасын толтуруу боюнча

Экинчи турду өтүү боюнча нускама

КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР