АКШнын Борбордук Азиядагы билим берүү фонду (U.S.-CAEF)

АКШнын Борбордук Азиядагы билим берүү фондунун Студенттик стипендия программасы, АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган жана Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер тарабынан башкарылуучу академиялык стипендия программасы.

Программанын Студенттик Стипендиясы бизнес башкаруу, экономика, программалык камсыздоо же колдонмо математика жана информатика адистиги боюнча төрт жылдык бакалавриат окуусун каржылайт. Стипендиялар Борбордук Азиядагы Америка Университетине (БААУ), эл аралык, көп тармактуу билим берүү чөйрөсүндө, Америка гуманитардык билим салтына ылайык студенттерди кабыл алууну каржылайт.

Стипендиялар академиялык жетишкендиктерге жана каржылык муктаждыктарга жараша квалификациялуу студенттерге берилет. Жыл сайын бул программа БААУда 30га жакын стипендиатты колдойт. Стипендиаттардын окуу тажрыйбасы тармактык мүмкүнчүлүктөр, тренингтер, жергиликтүү жана эл аралык практикалар аркылуу жакшыртылат.

Фонд, АКШнын өкмөтү жана анын жарандары тарабынан алынган колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирет.

 

Байланыш маалыматтары

Турдумбаев Уранбек Программанын региондук адиси
uturdumbaev@americancouncils.org

Веб-сайт: uscaef.org