
Алмашуу Программалардын Бүтүрүүчүлөрүн Ишке Тартуу
Кыргызстандагы АКШ Өкмөтүнүн тарабынан каржыланган Алмашуу Программалардын бүтүрүүчүлөр жамаатынын ортосундагы байланыштарды өркүндөтүү
Америкалык Кеңештер Кыргыз Республикасында АКШ тарабынан каржыланган Алмашуу Программалардын бүтүрүүчүлөрүнүн жигердүү тармагын түзүү максатында АКШнын Бишкектеги элчилиги менен биргелешип кызматташууда. 2020-жылы, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөттөрүнүн алмашуу программалардын бүтүрүүчүлөрүнүн жыл сайын өткөрүлө турган жолугушуусун, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү ишке тартуу боюнча иш-чаралар, анын ичинде насаатчылык программасы жана 2019-20 жыл аралыгында тармактык иш-чаралар камтылат.
Бүтүрүүчүнүн насаатчылык программасы чоң бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жана жеке тажрыйбаларын колдонуп, тандалып алынган тематикалык багыттар боюнча жаш бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жөндөмүн жана мамилелерин бекемдейт, ошондой эле максаттуу тренингдер жана иш-чаралар аркылуу насаатчылардын да профессионалдык жана жеке өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Насаатчылык программасынан тышкары, бүтүрүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасындагы учурдагы жана келип чыккан темаларды талкуулоо үчүн чогулган бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
Байланыш маалыматтары:
Абдимаматов Уланбек, программанын координатору
uabdimamatov@americancouncils.org